Ссылки доступа

Жапония Тажикстанга төрөттүн санын азайтууга жардам берет


Жапон өкмөтү жакынкы төрт жылда кош бойлуулуктун алдын алуу үчүн Тажикстанга 20 млн. презерватив жана контрацепциянын башка түрлөрүн жеткирет.

Бул программаны ишке ашыруу үчүн Токио 2,5 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Тажикстан Саламаттык сактоо министрлигинин репродуктивдүү ден соолук борборунун директору Мунира Ганизода билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылы Тажикстанга биринчи партия менен 5 млн. презерватив келет:

– Программанын максаты – эне өлүмүн азайтуу жана дени сак балдардын төрөлүшүн камсыздоо. Аялдын организми кийинки баланы көтөрүүгө даяр болушу үчүн төрөт аралыгын үч жылга чейин узартуу керек.

Презервативдер жана башка контрацепция каражаттары жапон өндүрүшүнөн чыккан.

Жакында Дүйнөлүк банк (ДБ) Тажикстанда төрөттү азайтууну сунуштаган. ДБ эксперттери өлкөдөгү жакырчылык, жумушсуздук жана миграциянын жогорку деңгээли демографиялык өсүш менен байланыштуу экенин билдиришкен. Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги төрөттү алдын ала пландоону жана контрацепция каражаттарын колдонууну сунуштап келет.

Быйыл май айында Тажикстан калкы 9 миллионго жеткен. Учурда республикадагы ар бир аялга төрттөн бала туура келет.

XS
SM
MD
LG