Ссылки доступа

Никитенко: Кыргызча түшүнөм, улутума карап эч ким басынткан эмес (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Бийликтин сырлары. Никитенко: Кыргызча түшүнөм, улутума карап эч ким басынткан эмес. «Бийликтин сырлары» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко парламенттеги аялдар, пайдалуу мыйзамдар, пиар жана адилеттүүлүккө болгон үмүтү тууралуу айтып берди. (Кыргызстандан видео)​

- Мигрант. Кара тизме. Мунапыс. Орусияда ар кандай мыйзам бузуулардан улам "кара тизмеге" кирип калган кыргызстандыктарга берилген миграциялык мунапыстын оош-кыйыштары тууралуу "Биз жана дүйнө" берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында сөз болот. (Директтен видео)

- Бурулайдын иши: тараптардын кайым айтышы. (Директтен видео)​

- Прокурордун өлүмү боюнча маалымат берилди. Бишкекте Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуянын чоо-жайы, кылмышка шектүү Мелис Калыковдун "кыйноого кабылдым" деген даттануусу тууралуу журналисттердин суроолоруна жооп беришти. (Директтен видео)

- "Көрүнбөгөн аял, көөдөндөгү кыял". Басмырлоого кабылып, маңзат колдонгон, ВИЧ менен жашаган же зомбулуктун курмандыгы болгон 16 аялдын сүрөттөрү көргөзмөгө коюлду. Анда ар бир аялдын кыялы чагылдырылган. Оор турмушуна карабастан алар башкаларга үлгү болуп, коомчулукту басмырлоого каршы биргелешип күрөшүүгө үндөшөт. (сүрөт баян)

- Москвада суракка алынып жатып мерт болгон тажикстандыктын сүрөтүн көрсөтүштү. Денеси көгала болгон. (Настоящее время)

- Өлкөдө автоунааларды эвакуациялоодон түшкөн акча бюджетке жетпей калганбы? (видео)

- Кыргыз өкмөтү 2023-жылга чейин ички дүң өнүмдөгү туризмдин үлүшүн эки эсе көбөйтүүгө ниеттенүүдө. (Кыргызстандан видео)

- Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив таратууну сунуштады (видео)

- Анжиянда жол инспектору күбөлөрдү бош протоколдорду толтурууга мажбурлаган. (видео)

- Казакстанда активисттер аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалоону талап кылышууда. (видео)

- Харьковдо алгачкы аскердик абал күнү кандай өттү? (видео директ)

- НАТО Эстонияда масштабдуу кибермашыгууларды өткөрүүдө. (видео директ)

- АКШда космикалык артефакттар сатылууда. (Настоящее время)

- Кара, жашыл, ар түрдүү. Алматыда манты күнү белгиленди. (сүрөт баян)

- Менин баатыр жеңем. Уланбек Эгизбаевдин акыркы тасмасы.Нарындын Ат-Башы районуна караштуу Ак-Сай жайлоосунда төрөлүп, тоо коюнунда бой жетип, бактысын ошол жерде таап жети балалуу болгон баатыр эне Айнагүл Исакованын бир күндүк түйшүгү тартылган. Таң аткандан күн батканга чейин жаны тынбаган Айнагүл менен анын үй-бүлөсүнүн жайлоодогу түйшүгү тууралуу маркум кесиптешибиз Уланбек Эгизбаев менен операторубуз Бексултан Абибакир уулу быйыл жайында тартып келишкен. (Директтен видео)

- Крымдын оккупацияланышы. Буга Орусия армиясынын кайсыл бөлүктөрү катышкан? Алар Крымга кантип барып калышкан? Эмнеге украин аскерлери ок атышкан эмес? (видео Директ)

- Кармалган украин суучулдарынын дагы тогузу камалды. (видео Директ)

- Шинжаң лагерлеринин хроникасы. (материалдар топтому)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

Видео

Видео

"Көрүнбөгөн" адамдар: паспортсуз жашоо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00
XS
SM
MD
LG