Ссылки доступа

Өзбекстанда кайрымдуулук фонд 145 студенттин контрагын төлөп берди


Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фонду 145 студенттин 1 миллиард 200 миллион сумдук (146 миң доллар) контрагын төлөп берди. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин фонд диний окуу жайлар менен изилдөө борборлордун ишмердүүлүгүн каржылоого 298 миллион 631 миң сум (дээрлик 36 миң доллар), студенттерге, профессорлорго жана диний окуу жайлардын окутуучуларына каржылык жана социалдык колдоо көрсөтүү үчүн 165 миллион 650 миң сум (20 миң доллар), аз камсыз болгон адамдарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 1 миллиард 170 миллион 86 миң 159 сум (141 миң доллар) бөлгөн. Булардын жалпы суммасы 3 миллиард 343 миллион 956 миң сумду (дээрлик 403 миң долларды) түзгөн.

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын алдындагы «Вакф» кайрымдуулук фонду Юстиция министрлигинде 2012-жылдын 10-майында каттоодон өткөн.

XS
SM
MD
LG