Маалыматка караганда, америкалык «Walmart» компаниясы жана интернет аркылуу соода жүргүзгөн «Amazon.com» сайты кардарларга түркмөн пахтасын сунуштоодо.
Бул арада АКШнын Бажы кызматы 2018-жылы 18-майда түркмөн пахтасынын импортуна тыюу салган. Ага карабай «Walmart» менен «Amazon» түркмөн буласынан жасалган товарларды соодалоодо.
19-ноябрда өкмөттүк «Ата Ватан Түркмөнстан» интернет басылмасы Виржиния шатында катталган америкалык «Гоза» компаниясы түркмөн пахтасынан өндүрүлгөн суулуктарды, кездемелерди жана башка текстиль буюмдарын АКШ базарларына алып чыгарын кабарлаган.
«Түркмөнстан» гезити «Amazon» жана «Walmart» аркылуу сунушталып жаткан түркмөн текстиль товарлары жеңил өнөр жайдын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, ал эми соода компанияларынын суроо-талаптары көбөйөт деп эсептейт.