Ссылки доступа

Жатаканадагы жалындуу жаштык (видео)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Трамп: Путинге ыңгайы келгенде гана жолугам. АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен "ылайыктуу учурда" жолугарын билдирди. Бул тууралуу Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммити маалында "Америка үнү" радиосунун англис кызматынын журналисти суроо бергенде айтты. (видео)

- Окуучуну өлүмгө түрткөн ыза. 21-ноябрда Нарын дарыясынан Азирет Садакбек уулунун сөөгү табылды. Ал Нарын районунун Жылан-Арык айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Маркумдун жакындары буга мектептин жетекчилигин күнөөлөп жатат. (видео)

- Кайгыны ыр менен жеңген төрт акын. «Роза Отунбаеванын демилгелери» Эл аралык коомдук фонду майып акындардын «Тагдыр каармандары» деп аталган поэзия кечесин уюштурду. Ыр кечеге төрт акын катышып, дирилдеген ырларын окуп, ырдап берип угармандарды ыраазы кылды. Майыптар иш-чаранын соңунда алардын чыгармалары элге жетип жатканына кубанып, мындай мүмкүнчүлүк өтө сейрек болорун, өздөрүнүн чыгармачылыгына колдоочу керек экенин айтышты. (видео)

- Украинага орусиялык эркектер киргизилбейт. Кытайлык казактар Шинжаңдагы тарбия лагерлеринде кармалып турган жакындарын бошотууну суранып Астанага дагы бир ирет кайрылышты. АКШ Ирандын Йемендеги жарандык согушка аралашуусунун жаңы далилдерин жарыялады. Керч кысыгындагы кырдаалдан улам Украина орусиялык эркектердин өлкөгө кирүүсүнө тыюу салды. (видео)

- Жатаканадагы жалындуу жаштык. Нан жана майонез, китеп менен Интернет, сууга бышкан кесме... Мунун баары студенттердин жашоосу. "Азаттык плюстун" командасы бул ирет алардын жатаканадагы өмүрүнүн бир үзүмүн чагылдырды. (видео)

- Казакстанда ВИЧ менен ооругандар кантип жашашат? (видео Директ)

- Казакстан Саламаттык сактоо министрлиги окуучуларга презерватив таратууну сунуштады (видео)

- Анжиянда жол инспектору күбөлөрдү бош протоколдорду толтурууга мажбурлаган. (видео)

- Казакстанда активисттер аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалоону талап кылышууда. (видео)

- Трамптын мурдагы юристи Орусия менен байланышы тууралуу Конгресске калп айтканын мойнуна алды​. (видео Директ)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.​

Видео

Видео

Чемпион кыздарды таптаган Дүйшөн агай
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:19:11 0:00
XS
SM
MD
LG