– Быйыл "Назарбаев интеллектуалдык мектептеринде" окугандар экинчи чет тилди өз тандоолору боюнча үйрөнүп башташты. Дүйнөлөшүү доорунда чет тил билүү зарыл болуп турат. Дүйнөдө эң эле кеңири таралган англис, экинчиси испан тили болуп эсептелет, бирок биз үчүн кытай тили маанилүү.
Казак президентинин айтымында, Казакстанда жалпы тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн 20 пайызы Кытай, 22 пайызы Орусия, 30 пайызы Евробиримдикке туура келет.
- Жапонияда да, Кытайда да бизнес англис тилинде сүйлөйт. Бирок бир жарым миллиард калкы менен кытай тили басымдуулук кыларын көрсөтүп жатат. Мен үйрөнүп көргөн эмесмин, бирок башкаларга салыштырмалуу казактар үчүн жеңил деп айтышат”, - деди Назарбаев.