Ссылки доступа

ФБРдин мурдагы башчысы Конгресстин юридикалык комитетинде көрсөтмө берет


Федералдык иликтөө бюросунун (ФБР) мурдагы директору Жеймс Коми Конгресстин чакыруусун жокко чыгарууну өтүнгөн доо арызын кайтарып алды.

Конгресс Комиден президенттик шайлоо алдындагы иликтөөлөр тууралуу "жабык эшик артында" маалымат берүүнү талап кылууда.

ФБРдин мурдагы башчысы буга чейин ачык угууларда көрсөтмө берүүгө даяр экенин билдирген.

Коми эми ал оюнан кайтып, Конгресстин жабык угууларында көрсөтмө берүүгө макул болду.

Өкүлчүлүк палатасынын юридикалык комитетинин курамына кирген республикачылар 24 сааттын ичинде Комиге көрсөтмөнүн стенограммасын берүүнү убада кылышты. Адвокат Дэвид Келли билдиргендей, ал стенограмманы толук же жарым-жартылай ачыкка чыгарууга укук алат.

Коми менен мыйзам чыгаруучу республикачылар адвокаттардын соттук угууга келерине бир күн калганда жаңы келишимге жетишишти. Соттук угууларда Конгресс Комини мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтондун электрондук каттар үчүн жеке серверин колдонушу жана Трамп менен Орусиянын ортосундагы ыктымал кутум тууралуу жашыруун көрсөтмө берүүгө мажбурлай алабы деген маселе каралмак.

2016-жылдагы президенттик шайлоого байланыштуу жаңжалды атайын прокурор Роберт Мюллер иликтөөдө. АКШ президенти Дональд Трамп иликтөөнү “желмогуздарга каршы саясий аңчылык” деп атаган.

Трамп Жеймс Комини 2017-жылы майда кызматтан кетирген.

XS
SM
MD
LG