Ссылки доступа

Эрландын эркин сынаган тагдыр (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Эрландын эркин сынаган тагдыр. Оор тагдырына чөкпөй, алдына катар-катар максат койгон эрки күчтүү Эрлан. Кытайдагы камоолорго туш болгон жүздөгөн боордоштордун туугандары кыргыз бийлигине ачык кайрылышты. Майып балдар үйүн өз камкордугуна алган Ноокендеги айдоочу. (Директтен видео)

- Окуучуну өлүмгө түрткөн ыза. 21-ноябрда Нарын дарыясынан Азирет Садакбек уулунун сөөгү табылды. Ал Нарын районунун Жылан-Арык айылындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу болчу. Маркумдун жакындары буга мектептин жетекчилигин күнөөлөп жатат. (Директтен видео)

- “Eurasia Festival”: музыканттар иргелди. Бишкекте “Eurasia Emerging Artists” музыкалык сынагы өттү. Ага фольклор жана классикалык жанрда ырдаган, музыкалык аспаптарда ойногон жаш музыканттар катышты. Тандоо турунан 15 катышуучу тандалып алынып, финалда үч музыкант эл аралык “Eurasia Festival” сынагына жолдомо алды. Аталган фестиваль 2019-жылдын май айында Нью-Йоркто өтөт. (Директтен видео)

- Орусияда 40 кыргызстандык ара жолдо калды. Вашингтон менен Бээжин “соода тирешин” 90 күнгө токтото турууну чечишти. Катар Мунай экспорттоочу мамлекеттердин уюмунан чыгаарын жарыялады. Орусияга иш издеп барган 40 кыргызстандык алданып, ара жолдо калганын айтып чыгышты. (Директтен видео)

- «Жатаканада жашаган балдар менен карылар катуу сууктан үч жууркан менен коргонууда». (Өзбекстандан видео)

- Трамп: Путинге ыңгайы келгенде гана жолугам. АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен "ылайыктуу учурда" жолугарын билдирди. Бул тууралуу Аргентинада "Чоң жыйырманын" саммити маалында "Америка үнү" радиосунун англис кызматынын журналисти суроо бергенде айтты. (видео)​

- Саясат таануучу Марк Помар Трамп менен Путиндин жана эки өлкө мамилелеринин келечеги тууралуу ой бөлүштү. (Настоящее время)

- Казакстанда коррупцияга айыпталган министрлер жана алардын орун басарлары (видео)

- Казакстанда ВИЧ менен ооругандар кантип жашашат? (видео Директ)​

- Автордук куурчактарда жасаган Гүлнара. (Кыргызстандан видео)

- Казакстанда активисттер аялдарга зомбулук көрсөткөндөрдү катуу жазалоону талап кылышууда. (видео)

- Кыргызстанда ВИЧ жуктургандардын жарымы гана туруктуу дарыланат. (Настоящее время)

- "Демократия – эң мыкты өч алуу". Мусулман өлкөсүндөгү алгачкы лидер аялдын өмүрү жана өлүмү. Туура 30 жыл мурун Пакистан премьер-министри Беназир Бхутто болгон (Инфографика)

- Украина 16 жаштан 60 жашка чейинки орусиялык эркектердин кирүүсүнө тыюу салды. (видео директ)

- Бийликтин сырлары. Никитенко: Кыргызча түшүнөм, улутума карап эч ким басынткан эмес. «Бийликтин сырлары» берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко парламенттеги аялдар, пайдалуу мыйзамдар, пиар жана адилеттүүлүккө болгон үмүтү тууралуу айтып берди. (Кыргызстандан видео)​

- Полиция нике шакегин тапты. Эркек аны сүйүктүүсү турмушка чыгууга макул болгондон кийин канализацияга түшүрүп жиберген. (Настоящее время)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG