Ссылки доступа

Тажикстандын Исфара шаарындагы «өзбек базары» жабылды


Тажикстандын Исфара шаарындагы жалаң өзбек товарлары сатылган базар дээрлик бош калды.

Аталган базардын өкүлү Абдугани Рауфовдун айтымында, мунун себептеринин бири бажы төлөмдөрүнүн жогору болуп жатышы.

Өз кезегинде Исфара шаарынын төрага орун басары Собит Умарзода «өзбек ишкерлеринин товарлары жогорку сапатта болбогондуктан, алар өз кардарын таба алган жок» деп эсептейт. Ал учурда айрым өзбек ишкерлери шаардагы башка базарда жер-жемиш сатып жаткандыгын билдирди.

Калаа башчысынын орун басары бажы тармагында маселелер бар экенин да четке каккан жок. Анын айтымында, быйыл жайында өзбек бийлиги тажик жарандары чек ара аркылуу бажы төлөмүсүз 10 килограммдан ашпаган жүк менен өтүшү керек деген чектөө киргизген. Буга жооп катары тажик бийлиги дагы Өзбекстан жарандарына чек ара аркылуу бажы төлөмүсүз 50 килограммга чейин жүк алып өтүүгө уруксат берген.

«Тажикстан менен Өзбекстандын ортосунда эч кандай документке кол коюлбагандыктан, азыр бажы төлөмдөрүн жоюу мүмкүн эмес», — деп кошумчалады Собит Умарзода.

Үч ай мурда аталган базарда 100гө жакын өзбекстандык соодагер иштечү. Алар көбүнчө азак-түлүк сатышкан.

Ал ортодо тажик бийлиги быйыл 9 айдын ичинде Тажикстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү 220 миллион долларга көбөйгөнүн билдирүүдө.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG