Ссылки доступа

АКШ Пакистандан «Талибан» менен байланышууга жардам берүүнү өтүндү


Имран Хан

Пакистандын Тышкы иштер министрлигининин (ТИМ) расмий өкүлү Мохаммед Фейзал АКШ президенти Дональд Трамптан кат келгендиги тууралуу расмий билдирүүнү жарыялады.

Пакистандын премьер-министри Имран Ханга жолдонгон ал катта Трамп АКШнын аймактагы негизги приоритети болуп ооган согушун сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу эсептелерин жазып, Пакистандан жардам сураган. Ошондой эле Америка лидери анда эки өлкө кызматташтыкты калыбына келтириши керек деп эсептей турганын белгилеген.

«Пакистан дайыма Ооганстандагы жаңжалды саясий жол менен жөнгө салууну колдоп келгендиктен, АКШнын чечими жакшы кабыл алынды. Пакистандын ак ниеттүүлүк менен жардам берүүгө ниети бар экенин белгилейбиз. Ооганстандагы тынчтык менен туруктуулук биздин жалпы жоопкерчилигибиз бойдон калууда», — деди Мохаммед Фейзал.

«Америка үнү» радиосу АКШ менен Пакистан ортосундагы жогорку деңгээлдеги мындай өз ара байланышты сейрек көрүнүш деп атады.

Видео

Видео

Айылына спорт зал салып берген мигрант
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG