Ссылки доступа

Усманов кримтөбөл менен байланышы тууралуу жазылган макалаларды өчүрүүнү талап кылды


Алишер Усманов Орусиянын президенти Владимир Путин менен
Алишер Усманов Орусиянын президенти Владимир Путин менен

Миллиардер Алишер Усманов интернеттен анын криминал төбөлү Захарий Калашов (Шакро Молодой) менен байланышы бар экендиги тууралуу үч макаланы өчүрүү талабы менен Москванын Басман райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу РБК басылмасы аталган соттун расмий өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Маалыматка ылайык, Усманов Russian Criminal сайтына жарыяланган макалалар ага моралдык чыгым алып келгенин айтып, басылмадан 50 миң рубль өлчөмүндө компенсация талап кылган. Миллиардердин пикиринде, анда туура эмес маалыматтар берилген.

Москва соту марттын аягында Захарий Калашовду ишкерлерден акча талап кылууга күнөөлүү деп таап, катаал режимдеги абакка тогуз жылга экинен ажыраткан.

Усманов былтыр майда өзүнүн ар-намысын коргоо өтүнүчү менен Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун негиздөөчүсү, оппозициячы Алексей Навальныйга каршы дагы доо арыз жазган.

Ага чейин саясатчы миллиардерди Рублевкадагы жер тилкесин премьер-министр Дмитрий Медведевге мыйзамсыз берүү үчүн схема түзгөн деп айыптаган. Биринчи баскычтагы сот бул тууралуу айтылган тасманы интернетке чыгарууга тыюу салуу чечимин чыгарган. Бирок августта Москва шаардык соту бул өкүмдү жеңилдетип, Навальныйды тасмадагы үзүндүнү гана алып салууга милдеттендирген. Коррупцияга каршы күрөшүү фонду соттун бул чечимин былтыр октябрда аткарып, тасманын Усманов жөнүндө айтылган бөлүгү өчүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG