Ссылки доступа

Казак ТИМи өлкө жарандары АКШда алдамчылыкка айыпталып жатканын ырастады


Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкөнүн эки жараны АКШда киберкылмыштарга айыпталып жатканын ырастады.

«Биз маалыматты ырастадык. Алар чынында эле биздин жарандар. Алардын бири Эстонияда, экинчиси Малайзияда кармалган», – деп билдирди ТИМдин расмий өкүлү Айбек Смадияров. Ал Кошмо Штаттар аталган эки өлкөгө кармалган шектүүлөрдү экстрадициялоо тууралуу өтүнүч жибергенын кошумчалады.

28-ноябрда Нью-Йорктун Чыгыш округунун прокуратурасы АКШ бийлиги санариптик жарнама тармагындагы алдамчылык боюнча алты орус жана эки казак жаранына сыртынан айып такканын билдирген. Прокуратуранын билдирүүсүнө ылайык, Казакстандын эки жаранынын бирөөсү Малайзияда, экинчиси Эстонияда, ал эми дагы бир орус жараны Болгарияда кармалган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар «жалган интернет-жарнама» менен алектенген ботнеттерди түзүү үчүн ондогон интернет-домендер менен компьютер серверлерин пайдаланышкан.

XS
SM
MD
LG