Ссылки доступа

Өлкөдө 2019-жылы күйүүчү-майлоочу май кымбатташы мүмкүн


Эгер Орусиядан күйүүчү-майлоочу майды пошлинасыз ташып келүү тууралуу макулдашууга кол коюлбаса, бензиндин баасы кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын Мунай сатуучулар ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, мунай сатуучулар кабатыр болушууда, себеби 20-декабрга чейин алар нефтини кайра иштетүүчү заводдор менен жаңы келишимдерди түзүшү керек.

Күйүүчү-майлоочу майларды пошлинасыз жеткирүү боюнча макулдашууга Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети кол коет. Эшматовдун айтымында, бул тармак үчүн жооп берген мекеменин орун басары кызматтан кеткен, жаңы киши дайындала элек:

– Биз кол коюуну тездеткиле деп өкмөткө кайрылып жатабыз. Орус тарап менен көлөм боюнча макулдаштык, келишимге кол коюу гана калды.

Күйүүчү-майлоочу майларды жеткирүү боюнча келишимге тиешелүү органдар тарабынан 1-декабрга чейин кол коюлушу керек болчу.

Эгер Орусиядан күйүүчү майды пошлинасыз алып келүү токтосо, бензиндин чекене баасы 2,5-3 сомго чейин кымбатташы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG