Алынган каражат гидрометорологиялык кызматтын ишин жана элдин азык-түлүгү менен тамактануусун жакшыртууга жумшалат. Бул долбоорду ишке ашырыш үчүн Баткен, Ош жана Нарын облустары тандалып алынган.
Рустамовдун айтымында сугат инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл жергесинде суу жээктерин бекемдөө жана дамба куруу аркылуу селден жана суу ташкындарынан сактоо иштерин жүргүзүүгө багытталган добоор ишке ашканы турат. Бул долбоорлордун алкагында 90 млн. доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылды.