Өзбекстан ИИМинин жол кагуул кызматкерлерине жашырынып алып унааларга көзөмөл жүргүзүүгө, токтотууга тыюу салынат. Документке ылайык, жол сакчылары транспорттук каражаттарды, аудио жана видеофиксация сыяктуу жабдууларды колдонуу менен ачык-айкын иш алып барышы керек. 1-июлдан тарта кызматкерлер милдеттүү түрдө мобилдүү видеокамераларды алып жүрүүгө тийиш.
Жол кагуул кызматкерлерине өздөрүнө тиешелүү тилкелерден тышкаркы жерде айдоочуларды токтотууга жана административдик мыйзам бузуу боюнча протокол толтурууга тыюу салынат. Мындай протоколдордун юридикалык күчү болбойт.
Айдоочу жол кайгуул кызматкери токтоткон маалда анын документтери менен таанышып чыгууга укуктуу.