Ссылки доступа

Атамбаевдин миллиондору (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Атамбаевдин миллиондору. УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Түркиядагы бизнесин сатууга байланыштуу жагдайларды териштирип жатат. Ушул тушта экс-президенттин мүлкүн, байлыгын текшерүүнү талап кылгандардын катары калыңдай баштады. “Азаттык” Атамбаевдин миллиондорунун таржымалын иликтеди. (Директтен видео)​

- Кытайдагы кыргыздарды колдогон акция өттү. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында Кытайдагы “кайра тарбиялоочу лагерге” түшкөн кыргыз, казак жана башка улуттардын абалына көңүл бурууга чакырган акция өттү. Акцияга катышкан жыйырмага жакын киши Кытайдагы кыргыз, казак, уйгур улуттарынын айрым өкүлдөрүнө адилетсиз кысым болуп жатканын айтып, БУУ баштаган эл аралык коомчулукту көңүл бурууга чакырды. (Директтен видео)

- Ысык-Көл: катуу шамалдын кесепети. Ысык-Көл облусунда 1-декабрга караган түнү катуу шамалдан бир катар турак жайлар жана социалдык объектилер зыян тартты.

- Догоев: Санарип Кыргызстандын модели даяр. Жакында кыргыз өкмөтү “Санариптешкен Кыргызстан” деген беш жылдык программанын концепциясын коомдук талкууга чыгарды. Анын максаты өлкөнү маалыматтык технологиялык мамлекетке айлантуу деп өлкө бийлиги билдиришүүдө. Өлкөдөгү санариптештирүү боюнча бийлик максаттар айтылганы менен анын иш жүзүндө аксап келген Кыргызстанда аталган долбоор ишке ашабы? (Директтен видео)​

- "Бийлегенде майып экенимди унутам". Бишкекте төрт ай мурда майыптар үчүн "Round infiniti" же кыргызчага которгондо "Токтобогон айлампа" деп аталган бий студиясы ачылган. Мында арабачандар жай ыргактагы бийлерди үйрөнүшөт. Студиянын жетекчиси Айнура Телеушева 2,5 жыл мурун кырсыктан улам арабага отуруп калган. (Директтен видео)

- Алмас Чукин: Буш Кыргызстанга өзгөчө мамиледе болчу. Ишкер, Кыргызстандын АКШдагы ишеним берилген мурдагы өкүлү Алмас Чукин эки өлкө ортосундагы мамиле жөнүндө. (Кыргызстандан видео)

- Абортко ата-эненин уруксаты керекпи? (Казакстандан видео)

- "Мыкты идея". Биринчи серия. (Жапониядагы роботтор тууралуу Настоящее времянын видеосу)

- Тажикстанда 17 жыл мурда армиядан майып болуп келген тургунду пенсиясынан ажыратышты. (Тажикстандан видео)

- Жумушчулар айлыктарын талап кылышууда. Түндүк-Казакстанда айылдык ишкананын жумушчулары жарым жылдан бери айлык ала электигин айтып чыгышты. Алардын айтымында, жумуш берүүчүнүн кызматкерлерге жалпы карызы 10 миллион теңгеге жетет. (Казакстандан видео)

- Дунгандардын Борбор Азиядагы 140 жылы. (видео)

- Казак тили, кино жана петиция. «Кинотеатрлар прайм-таймда казак тилиндеги тасмаларды көрсөтүшү керек». Ушундай талап койгон жарандар интернетке петиция жайгаштырып, кол топтоп жатышат. (Казакстандан видео)

- Казакстан эмнеге Falcon 9ду тандап алды? 4-декабрда Калифорниядагы Ванденберг базасында казак спутниги менен Falcon 9 ракета алып жүрүүчүсү учурулду. (Казакстандан видео)

- Уйгур аял Шинжаңдагы кайра тарбиялоо лагерлериндеги кыйноолор тууралуу айтып берди. (Настоящее время)

- «Аутизм – бул оору эмес, бул абал». Саиддин окуясы. (Азаттык Сорос фондунун “Бизден кийин” деген долбоорун сунуштайт).

- Мастона Асо: «Мен күйөө эмес, адилеттүүлүк издеп жатам».Былтыр августта Хатлон облусунун 21 жаштагы тургуну Мастона Асо турмушка чыккан, Эки күндөн кийин күйөөсү аны кыздыгы жок деп айыптап үйдөн чыгарып жиберген. (Тажикстандан видео)

- «Жатаканада жашаган балдар менен карылар катуу сууктан үч кат жууркан менен коргонууда». (Өзбекстандан видео)

- Францияда күйүүчү майга болгон салыкты көбөйтүүгө жарым жылга мораторий киргизилди. (Настоящее время)

- "Демократия – эң мыкты өч алуу". Мусулман өлкөсүндөгү алгачкы лидер аялдын өмүрү жана өлүмү. Туура 30 жыл мурун Пакистан премьер-министри Беназир Бхутто болгон. (Инфографика)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

Видео

Видео

Китеп окуган жаштар сыйланды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00
XS
SM
MD
LG