Ссылки доступа

Булак: Грозныйда кармалган диний партиянын активисти Душанбедеги тергөө абагында


Наимжон Самиев

Грозныйда кармалган «Ислам кайра жаралуу» партиясынын Согди облусу боюнча мурдагы төрагасы Наимжон Самиев Тажикстанга экстрадицияланып, учурда Душанбедеги тергөө абактардын биринде камакта жатат. Бул тууралуу өлкөнүн укук коргоо органдарындагы өз булактар кабарлашты.

Буга чейин Human Rights Vision Foundation уюму Наимжон Самиев 4-декабрда Москвадан Душанбеге өткөрүлүп берилгенин билдирген. Тажикстанда тыюу салынган диний партиянын активисти 1-декабрда Чеченстандын борборунда кармалып, Ставрополго, эки күндөн кийин Москвага жеткирилген.

Тажикстан ИИМиндеги өз булак Наимжон Самиев учурда Душанбедеги тергөө абактардын биринде камакта экенин ырастады. «Аны ИИМ менен Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү суракка алып жатышат. Бирок азырынча айып тагыла элек», — деп билдирди ал.

5-декабрда активисттин уулу Ахмадулло Самиев атасы Орусиядан экстрадицияланганын кечинде гана укканын айтты. Анын билдиришинче, ал атасынын Грозныйда эмнеге кармалып, эмне себептен шашылыш түрдө Тажикстанга жеткирилгенин билбейт. «Атамдын Тажикстан коргоо министринин мурдагы орун басарынын 2015-жылдагы козголоңуна эч тиешеси жок. Ал 2014-жылы Түндүк Кавказга көчүп барып, Дагестанда ишкерлик менен алектенип жүргөн», — деди активисттин уулу.

Наимжон Самиев 2008-2012-жылдары “Ислам кайра жаралуу” партиясынын Согдидеги бөлүмүн жетектеген. Буга чейин Исфара ИИБси ага издөө жарыяланбаганын жана терроризмге катышы бар делген кишилердин тизмесинде жок экенин билдирген.

Бирок Ахмадулло Самиевдин айтымында, быйыл июлда атасы документтерди алуу үчүн Казакстанга келгенде ага издөөдө экенин, тажик бийлиги аны алдамчылыкка жана ишкананы банкрот кылууга айыптап жатканын билдиришкен.

Видео

Видео

Китеп окуган жаштар сыйланды
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:56 0:00
XS
SM
MD
LG