Ссылки доступа

Орусиялык укук коргоочулар Пономарёвдун камалышына нааразылык билдиришти (видео)


Орусиялык укук коргоочулар Лев Пономарёвдун 25 суткага камалашына байланыштуу нааразылыктарын билдиришти. Бул тууралуу Москвадагы Хельсинки тобунун сайты жазды.

Маалыматка караганда, укук коргоочулар Москва шаардык сотунан өкүм боюнча апелляцияны кароодо Адам укуктарын коргоо тууралуу Европа конвенциясынын нормаларын эске алууну талап кылышты.

Пономарёвду колдогон катка Москвадагы Хельсинки тобунун төрайымы Людмила Алексеева, «Социалдык өнөктөштүк» фондунун башчысы Валерий Борщев, «Сова» борборунун директору Александр Верховский, «Кыйноолорго каршы комитеттин» башчысы Игорь Каляпин, «Добуш» кыймылынын теңтөрагасы Григорий Мельконьянц, «Мемориал» укук коргоо борборунун төрагасы Александр Черкасов, «Мемориал» кеңешинин мүчөсү Олег Орлов, ошондой эле «Коомдук чечим» фондунун директору Наталья Таубина кол коюшту.

Орусия президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин башчысы Михаил Федотов дагы Пономарёвду камакка алуу чечимине нааразылыгын билдирди. Анын айтымында, сот айыппул төлөтүү менен гана чектелсе болмок.

77 жаштагы Пономарёв "Новое величия" жана "Сети" иштери боюнча айыпталгандарды колдоп акция өткөргөндүгү үчүн камалган. Ал коомдук иш-чара өткөрүү эрежелерин кайталап бузган деп айыпталган.

Видео

Видео

ПИН номурдан чыккан чыр
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:44 0:00
XS
SM
MD
LG