Ссылки доступа

Ucell компаниясына жаңы жетекчи дайындалды


Өзбекстанда UzMobile улуттук операторунун мурдагы башкы директору Владимир Кравченко Ucell компаниясынын жетекчиси болуп дайындалды. Мобилдүү оператор өзбек өкмөтүнө сатылгандан кийин анын башчысы Тони Грюнберг кызматтан кеткен.

33 жаштагы Владимир Кравченко Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетин аяктаган. 2017-жылы UzMobile компаниясынын директору болуп дайындалган, бирок кийинчерээк кызматынан төмөндөп, компаниянын коммерциялык директору болуп калган.

Coscom (бренд Uсell) мобилдүү операторунун 94% акциясына ээлик кылган швед-фин Telia (TeliaSonera) компаниясы 5-декабрда өзбек рыногунан кеткенин жарыялаган. Ал өз үлүшүн Өзбекстан өкмөтүнө 215 миллион долларга саткан.

Компания Өзбекстандын мурдагы президентинин кызы Гүлнара Каримовага 331 миллион доллар пара берүүгө күнөөлөнгөндөн кийин АКШ Юстиция министрлигине 1 миллиард доллар айыппул төлөөгө аргасыз болгон.

Телекоммуникациялык компаниядан пара алууга айыпталган Гүлнара Каримова төрт жыл мурда, атасынын көзү тирүүсүндө эле камакка алынган. 2015-жылы августта Ташкент соту Гүлнара Каримованы салык төлөөдөн качуу, акча уурдоо, пара талап кылуу, офшордук компаниялардагы документтерди жок кылуу боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан.

Видео

Видео

Аргымактарды аргындаштырган Баатыр Тагаев
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:33 0:00
XS
SM
MD
LG