Ссылки доступа

Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин алты прокуратура кызматкери иштен алынды


Тажикстан Башкы прокуратурасы Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон кийин Согди облустук прокуратурасындагы алты жооптуу кызматкерди жумуштан бошотту.

Расмий маалыматтар боюнча 8-ноябрдагы тополоң учурунда камактагы 21 киши өлгөн. Башаламандыктын кесепетинен түрмөнүн эки кызматкери набыт болгон, беш күзөтчү оор абалда Хоженттеги ооруканага жеткирилген.

Башкы прокурордун чечими менен облустагы түзөтүү мекемелерин караган прокурор Завкибек Шарифзода, анын орун басары Маъмур Аъзамзода, түзөтүү мекемелерине көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы жана үч кызматкери жумуштан бошотулган.

Башка булактардын билдиришинче, Хожент колониясындагы тополоңдон кийин Башкы прокуратуранын бардык башкармалыктары жана бөлүмдөрү текшерүүгө алынган. Башкы прокуратуранын түзөтүү мекемелерин көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Шамсу Нурализодага сөгүш жарыяланган.

Хожент шаарындагы күчөтүлгөн тартиптеги №3/3 колонияда чыккан тополоң боюнча абакта отурган бир нече адамга жаңы кылмыш иши козголгон. Аларга “адам өлтүрүү”, “денеге оор залал келтирүү”, “бийлик өкүлдөрүнө каршылык көрсөтүү” жана “түзөтүү абагындагы режимди бузуу” сыяктуу бир нече беренелер боюнча айып тагылууда.

Тажикстан бийлиги тополоңду басуу учурунда террорчулар жана өзгөчө коркунучтуу кылмышкерлер гана өлтүрүлгөнүн ырастоодо. Бирок башка булактар козголоңдо 50дөн кем эмес киши набыт болгонун айтышууда.

Буга чейин Хоженттеги түрмөнүн жети кызматкери, алардын ичинде абактын жетекчиси Файзулло Сафарзода камакка алынган. Аларга Тажикстандын Кылмыш кодексинин “Адам өлүмүнө алып келген шалаакылык” беренеси боюнча айып тагылууда. Эгер күнөөсү далилденсе, алар беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG