Ссылки доступа

Өзбекстанда пахта чогултуу планын аткара албай калган 155 фермер соттолду


Ташкент облусунун Аккурган районунда сот пахта чогултуу боюнча  кластердик фирма менен түзгөн келишимди аткара албай калган 155 фермерге айыппул салуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматына фермерлер өзүлөрү билдиришти. Алардын айтымында, сотко бир эле учурда 40-50 кишини чакырышкан, жараян болсо 5-10 мүнөткө гана созулган. Сот фермерлерден эмне себептен план аткарылбай калганы тууралуу сурабастан эле айыппул төлөөгө милдеттендирген.

Райондук акимчиликте иштеген чиновник кластердик фирма 155 фермерди сотко бергенин тастыктады:

– Биз кластердин ишине кийлигише албайбыз. Алар фермерлер менен келишимге кол коюшкан. Маселен, фермер 200 тонна пахта чогултууга милдеттеме алып, бирок 100 тонна гана топтогон. Бул учурда ал чогулбай калган 100 тонна пахта баасынын 30 пайызын айыппул катары төлөп бериши керек. Сот айыппулдун көлөмүн 16 пайызга чейин төмөндөтүп, фермерлерге чоң жардам көрсөттү.

2018-жылы бир килограмм пахтанын наркы 3250 сум же 0,4 доллар деп бекитилген.

Дыйкандар быйыл катаал аба ырайына байланыштуу пахта жакшы чыкпай калганын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG