Ссылки доступа

Түркмөнстанда келаткан жылдын символу эсептелген доңуздун сүрөтүнө тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Түркмөн бийлиги жаңы жылдык жасалга катары доңуздун сүрөттөрү менен сөлөкөттөрүн пайдаланууга тыюу салды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы жазды.

Маалыматка караганда, учурда Ашхабад жаңы жылга карата кооздолуп жатканы менен шаарда келаткан жылдын символун көрүүгө мүмкүн эмес.

"Былтыр октябрда эле соода жайлары менен дүкөндөрдө 2018-жылдын символу болгон иттин сүрөттөрү түшүрүлгөн жылсанактар жана башка жаңы жылдык белектер сатыла баштаган. Азыр болсо келаткан жылдын символун эч жерден таба албайсың», — деп жазды басылма.

Күн мурун мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттөн шаар жаңы жылга карата улуттук стилде кооздолушу керектигин талап кылган. Анда келаткан жылдын символун колдонууга тыюу салуу жөнүндө ачык айтылган эмес. Бирок жергиликтүү байкоочулар шаарды жасалгалоодо доңуздун сүрөттөрү колдонулбай жатышын тымызын тыюу болгондугу менен байланыштырышууда.

Түркмөнстанда калктын басымдуу бөлүгү ислам динин тутат.

XS
SM
MD
LG