Ссылки доступа

АКШ менен ЕБ укук коргоочу Алексееванын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышты


АКШ менен Евробиримдик орусиялык укук коргоочу, Москвадагы Хельсинки тобунун башчысы Людмила Алексееванын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтышты.

Алексееванын дүйнө салгандыгына байланыштуу анын президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештеги кесиптештери дагы эскерүү сөздөрүн айтышты. «Ал акыркы көз ирмемдерине чейин укук коргоочу бойдон калды», — деди кеңештин башчысы Михаил Федотов. «Людмила Михайловна узак жылдар бою орусиялык укук коргоо кыймылынын символу, тиреги жана туусу болуп келди», — деп билдирди кеңештин мүчөсү Николай Сванидзе.

Укук коргоочунун өлүмүнө байланыштуу Орусиянын оппозициячыл саясатчылары дагы көңүл айтышты.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, президент Владимир Путин «маркум укук коргоочуну өлкө жашоосундагы көптөгөн маселелер боюнча принципиалдуу позициясы үчүн өзгөчө сыйлаган». Путин Алексееванын туугандарына көңүл айтты.

Алексеева укук коргоочулук ишин 1960-жылдардын аягында баштап, 1976-жылы Москвадагы Хельсинки тобу ачылгандан бери ага мүчө болуп келген. 1977-жылы Совет бийлигинин куугунтугунан улам өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

Ар кайсы жылдары «Свобода», «Америка үнү» радиолорунда адам укуктары тууралуу берүүлөрдү алып барган. Советтер союзу тараган соң 1993-жылы Орусияга кайтып келип, 1996-жылы Москвадагы Хельсинки тобунун башчылыгына шайланган. Адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу орус бийлигин кескин сындаганы менен белгилүү Алексеева өмүрүнүн акыркы жылдары президенттин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү болуп келген.

Укук коргоочу ишемби күнү 91 жашында Москвада каза болгон.

XS
SM
MD
LG