Ссылки доступа

Арменияда Пашиняндин альянсы парламенттик шайлоодо жеңишке жетти


Арменияда жекшемби күнү мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодо премьер-министрдин милдетин аткаруучу Никол Пашинян жетектеген “Менин кадамым” альянсы жеңди. Аны добуш бергендердин 70% колдоду. Бул тууралуу Армениянын Борбордук шайлоо комиссиясы бюллетендер 100 % саналгандан кийин билдирди.

Парламентке “Гүлдөгөн Армения” партиясы 8%, “Жаркын Армения” партиясы 6% добуш менен өттү. Мурдагы башкаруучу Республикалык партиясы жеңишке жеткен жок. Ал 5% бөгөттөн өтө албай, 4,7 % добуш гана топтоду.

Арменияда парламенттик шайлоого тогуз партия жана эки шайлоо блогу катышты. Добуш берүүгө шайлоочулардын 48,6% келди.

Пашинян Армения өкмөтүн майда өткөн каршылык акцияларынан кийин жетектеп калган. Сентябрдын ортосунда ал отставкага кеткен. Ноябрдын башында Армения президенти парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жарлыгына кол койгон. Бул мыйзам чыгаруучулар Пашиняндын премьер-министрликке талапкерлигин эки жолу колдобой койгондон кийин болгон.

Парламент тарагандан кийин Пашинян премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп, өлкөдөгү бардык губернаторлорду алмаштырып, антикоррупциялык кампания баштаган.

XS
SM
MD
LG