Ссылки доступа

Казакстан Эл аралык кесиптик кошуундар федерациясынан чыгарылышына каршы


Казакстан кесиптик кошуундар федерациясы (ККФ) Эл аралык кесиптик кошуундар конгрессинин мүчөлүгүнөн чыгарылышын мыйзамсыз деп эсептейт.

Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын сайтында жарыяланган маалыматка караганда, уюм адам укуктарын коргоо жаатында активдүү иш алып барып келген. Федерация 2018-жылы апрелде профсоюз мүчөлөрү Амин Елеусинов менен Нурбек Кушакбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошотуу боюнча көп күч жумшаганын баса белгилеген.

Федерация жаңы кесиптик кошуундарды түзүү боюнча бардык демилгелерди колдой турганын билдирген. Ошол эле маалда Казакстандын көз карандысыз конфедерацияларын каттоо боюнча жаралган маселеге тынчсызданган.

Казакстан кесиптик кошуундар федерациясы Эл аралык кесиптик кошуундар конгресси уюмду мүчөлүктөн чыгарууда уставды сактабай, федерация жасаган иштерди көз жаздымда калтырган деп эсептейт.

2-7-декабрда Копенгагенде Эл аралык кесиптик кошуундар конгресси жыйын өткөрүп, Казакстан кесиптик кошуундар федерациясынын мүчөлүгүн токтотуп, конгресске катышуу укугунан ажыраткан. Конгресс “бийлик органдары башкарган жана конгресстин уставын тоготпогон уюмга катарыбыздан орун жок” деп маалымдаган.

Казакстан кесиптик кошуундар федерациясы болсо мүчөлүктөн чыгарууда саясий чечим кабыл алынды деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG