Ссылки доступа

Өзбекстанда фермерлерди карызкор дыйкандардын насыясын төлөөгө мажбурлашууда


Фергана облусунун Язъяван районунун акими Йулчивой Боййигитов пахта чогултууда план аткарган фермерлерди насыяларын жаба албай калган кесиптештеринин эсебине акча которууга буйрук берди.

Бул тууралуу райондогу атын атагысы келбеген фермерлердин бири билдирди. Анын айтымында, аким фермерлерден тапкан кирешелеринин он пайызын которууну буйрук кылган:

– Айрым фермерлер каршы чыкканда, аким менен милициянын башчысы бизге кысым көрсөттү. Карызкор-фермерлер үчүн которгон акчамды келерки жылы кайтарып беришеби же бул кайыр-садака катары эсептелеби, билбейм.

Башка бир фермердин айтымында «Пулат», «Офарин», «Гойибназар» жана «Фаркумкишлак» дыйкан чарбалары райондук администрациянын эсебине ондогон миллион сум которушкан. Эң эле кызыгы алар акчаны кайсы фермерлерге беришкенин билишпейт.

Бирок Язъяван райондук фермерлер кеңешинин төрагасы Шарофиддин Исманов аким эч кимди мажбурлабаганын, фермерлерден өз эрки менен жардам берүүнү сураганын айтты.

XS
SM
MD
LG