Редакциянын атын жарыялагысы келбеген булагы көрсөтмө 3-4 ай мурун түшкөнүн айтты:
– Мындан кийин прокуратура кызматкерлери кымбат баалуу унааларын сатышты. Айрымдары машинелерин туугандарына кайра каттатты. Ошентсе дагы алар кымбат унааларды айдап жүргөндөн кооптонушууда.
Анын айтымында, прокуратура кызматкерлери «Toyota Pathfinder» же «Toyota Highlander» жол тандабастарын колдонушат. Дээрлик баары жаңы унааларды айдашат.
“Азаттыктын” түркмөн кызматы бул боюнча расмий бийлик өкулдөрүнөн комментарий ала алган жок.
Түркмөнстанда бир нече жылдар бою мамлекеттик кызматкерлердин жана чиновниктердин жеке автотранспорт колдонушуна тыюу салынган же чектөө киргизилген. 2017-жылы ички иштер органдарынын кызматкерлерине жалаң ак түстөгү унаа айдоого буйрук берилген.