Ссылки доступа

TheDailyTelegraph: Алишер Усманов британ "кара тизмесине" киргизилди


Улуу Британияда Кремлге жакын делген “орус олиграхтарынын” тизмеси түзүлдү. The Daily Telegraph маалымдагандай, “кара тизмеге” Алишер Усманов баштаган алты киши киргизилди.

Маалыматтарга караганда, тизмени Британиянын премьер-министри Тереза Мэй бекиткен. Лондон күмөн санаган кишилер – Алишер Усманов, Роман Абрамович, Олег Дерипаска, Аркадий менен Борис Ротенберги жана Игорь Сечин.

The Daily Telegraph басылмасына маек курган жогорку кызматтагы британ чиновнигинин билдиришинче, “кара тизмеге” киргизилген кишилердин Улуу Британияга киришине жана иштөөсүнө тыюу салынат. Британия бийлиги аларды Орусия президенти Владимир Путин менен табакташ деп эсептейт.

Абрамович менен Усманов көп жылдар бою Лондондогу “Челси” жана “Арсенал” футбол клубдарынын ээси катары белгилүү болуп келишкен. Бирок Усманов 2018-жылы “Арсеналдагы” 30% үлүшүн америкалык бизнесмен Стэн Кронкеге 550 миллион еврого сатып жиберген.

Forbes басылмасынын иликтөөсү боюнча ноябрь айынын аягында Алишер Усмановдун байлыгы 12,5 миллиард долларга бааланган. Буга чейин Орусия президенти Владимир Путин Усмановду жана анын аялы Ирина Винер-Усманованы “Мекен алдында сиңирген эмгеги үчүн” ордени менен сыйлаган.

XS
SM
MD
LG