Ссылки доступа

Бурулайдин иши: Марс Бөдөшев 20, Акмат Сейитов 7 жылга кесилди


Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марс Бөдөшев менен анын досу Акмат Сейитовду күнөөлүү деп тапты.

Сот Бөдөшевди Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси (“Ала качуу”) жана 97-беренеси (“Киши өлтүрүү”) боюнча 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кесип, үй-мүлкүн конфискациялоого өкүм чыгарды.

Анын досу Акмат Сейитов Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси (“Кылмыш кылууга көмөк көрсөтүү”) боюнча 7 жылга эркинен ажыратылды.

Бүгүн Марс Бөдөшев сотто акыркы сөзүн айтып жатып 4-майдагы ала качууну мойнуна алган эмес. Андан тышкары кырсык болгон 27-майда да кыздын өзү менен сүйлөшүп алып кеткенин айтты.

Ал эми досу Акмат Сейитов судьядан ишти жакшылап карап берүүнү суранып, кайра тергөөгө жиберүүнү өтүнгөн.

Мамлекеттик айыптоочу 10-декабрдагы соттук отурумда Бөдөшевди 23 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөгө кесүүнү, Сейитовду жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабырлануучу тарап Марс Бөдөшев кызды мыкаачылык менен өлтүргөнүн, күнөөсүн мойнуна албаганын эске алып, өмүр бою эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

XS
SM
MD
LG