Ссылки доступа

Казакстанда металлургия комбинатындагы аварияны иликтөө мөөнөтү узартылды


Казакстанда «АрселорМиттал Темиртау» металлургиялык комбинатындагы ири авариянын себептерин иликтөөнүн мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу Караганда облусунун Өнөр жай коопсуздугу департаментинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, иликтөө мөөнөтү комбинаттагы авариянын себептерин аныктоо боюнча эксперттик корутундунун акыркы жыйынтыгынын жоктугуна байланыштуу жылдырылды.

Азырынча комбинаттагы авариянын себептери аныктала элек. Учурда анда кырсыктын кесепеттерин жоюу жана өндүрүштү турукташтыруу иштери жүрүүдө.

Комбинаттагы авария 10-ноябрь кечинде болуп, жумуштан үйүнө кайтып бараткан беш адам жабыркаган. Өзгөчө кырдаалдар комитети үч кычкылтек түтүгүнүн жабыркашынан улам конвертердик цехтин конструкциясындагы жол краны кулап, газ түтүктөрү үзүлүп от тутанганын кабарлаган.

Бул авариянын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн атайын комиссия ишин 12-ноябрда баштаган. Анда кырсыктын кесепеттерин биротоло жоюу жана өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн бир ай убакыт талап кылынары айтылган.

XS
SM
MD
LG