Конгресстеги демократтар дубалдын курулушун каржылоого каршылык билдирип, долбоорго Трамп сурагандан (1,3 миллиард) төрт эсе аз акча бөлүүгө макул болушууда.
Эгер АКШ Конгрессинин эки палатасы тең бюджетти колдобосо, анда мамлекеттик органдар ишин токтотууга мажбур болушат.
Трамптын шайлоо алдында берген убадаларынын ичинде мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн Мексика менен чек арага дубал тургузуу убадасы дагы болгон. Апрелде ал Улуттук гвардияга чек араны мигранттардын агымынан коргоо буйругун берген. Учурда АКШнын түштүк-батыш бөлүгүндөгү төрт штаттын чек араларында Улуттук гвардиянын эки миңден ашык аскери жайгашкан.
Августта Кошмо Штаттардын президенти дубалдын курулушуна 3,5 миллиард доллар бөлүнгөнүн билдирген. Трамптын айтымында, айрым райондорго дубалдын тургузулушу мыйзамсыз миграциянын агымын 90 пайызга кыскартууга мүмкүндүк берген.