Ссылки доступа

Тажикстанда сойкулук менен алектенген 6 миң аял каттоого алынды (видео)


Тажикстанда расмий маалыматтар боюнча быйыл 9 айда укук коргоо кызматкерлери сойкулук менен алектенген 6 миң аялды каттоого алган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 400 кишиге көп.

Алардын арасында 32си жашы жете элек кыз, 1,5 миңи 18 жаштан 30 жашка чейинкилер, калгандары андан улуу аялдар.

Зарина “кара тизмеге” биринчи жолу киргизилди. Ал 28 жашта, төрт ай мурун денесин сатып иштей баштаган:

– Жумуш табуу үчүн бир жыл мурун алыскы райондон борбор калаага келдим. Ажырашып кеткенден кийин жашоо кыйын болду. Түзүк жумуш тапкан жокмун, тааныштарымдын кеңеши менен көчөөгө чыктым.

Анын айтымында, сойку болуп иштөө оңой эмес:

– Бул жерде көптөгөн тобокелчиликтер жана көйгөйлөр бар. Эң негизги маселе – эгер сен тартип сакчысынын колуна түшүп калсаң, айыппул төлөп же 15 суткага камаласың. Зомбулукка кабылуу же жыныстык жол менен тараган жугушуу ооруларды жуктуруп алуу коркунучу да жогору.

В Таджикистане зарегистрировано 6 тыс секс-работниц
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

Тажик бийлиги сойкулукту азайтуу үчүн жеңил ойлуу кыз-келиндерди кармап, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Бирок коомдук уюмдар муну менен көйгөй чечилбей турганын, биринчи калкты иш менен камсыздоону колго алуу керектигин айтышат. Аялдар иштери боюнча комитетинин сойкуларды ар кыл кесипке үйрөтүү долбоору бар, бирок алардын катары баары бир суюла элек.

Тажикстанда сойкулук – административдик мыйзам бузуу болуп эсептелет. Жеңил ойлуу аялдарга 500дөн 1000 сомониге чейин айыппул салынат. Экинчи жолу кармалгандар 2000 сомониге чейин айыппул төлөп же 15 суткага чейин камакка алынат.

XS
SM
MD
LG