Ссылки доступа

Казакстанда чиновниктер бюджеттен бөлүнгөн 28 миллиард теңгени өздөштүрүшкөн эмес (видео)


Почему чиновники Казахстана покупают себе дома, а не строят школы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:15 0:00

Казакстанда мамлекеттик органдар быйыл түрдүү программалар менен долбоорлорго бөлүнгөн 28 миллиард теңгени (75 миллион доллардан ашык) өздөштүрүшкөн эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирди.

«Каражаттардын өздөштүрүлбөй калышына иштердин өз убагында аткарылбагандыгы, кызматтардын көрсөтүлбөгөндүгү жана товарлардын сатылып алынбагандыгы себеп болгон», — деди мекеме башчысы Алихан Смаилов.

Министрликтен аткаминерлерде пайдаланылбай калган миллиарддаган теңгени өздөштүрүүгө дагы убактылары бар деп эсептешүүдө. Бирок акчанын кайсыл тармактарга жумшала турганы азырынча белгисиз.

Казакстанда жыл аягына чейин дагы 12 иш күнү бар. Айдын ортосунда өлкөнүн Эгемендүүлүгүнө карата жарандар бир нече күн эс алышат.

XS
SM
MD
LG