Ссылки доступа

Душанбеде Рустами Эмомалинин чач тарамы модага айланды


Рустами Эмомали

Душанбеде чачтарачтарга чачтарын мэрдикиндей кылып тегиздетүүнү суранып келгендер күн сайын көбөйүүдө. Тажикстан президентинин тун уулу Рустами Эмомали Душанбе администрациясын эки жылдан бери жетектөөдө.

Душанбе шаарынын жашоочусу Рамзон биринчи жолу чачын Рустами Эмомалиникиндей кылып кырктырып, досунун үйлөнүү үлпөтүнө барган:

– Баары суктанды, анан мен мындан ары дал ушундай формада тегиздетип жүрүүнү чечтим, баса, бул расмий жана иштиктүү кийимдер менен дагы дал келет.

Анын айтымында, шаарда дал ушундай чач жасалгасы менен жүргөн жаштарды көп кездештирүүгө болот.

Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинин бүтүрүүчүсү Асхобиддин Шамсиддиновго дагы Рустами Эмомалиникиней чач тарам жагат:

– Көпчүлүк калаа мэрин жаш жана ийгиликтүү жетекчинин үлгүсү катары эсептеп, ага окшош болгусу келет.

Душанбе борборундагы сулуулук салонунун кызматкери Абдуллонун айтымында, чачын Рустами Эмомалидей тегиздетүү үчүн күнүгө 4-5 кардар келет.

–Кесипкөй жана чоң тажырыйбага ээ адис гана чачты мэрдикиндей кылып тегиздей алат. Чач кыркуунун мындай түрү кымбатыраак.

Эмомали Рустам 2017-жылдан бери башкалаа Дүйшөмбү шаарынын мэри. Андан мурда Каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш агенттигин, Бажы кызматын жетектеген.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG