Ссылки доступа

Тереза Мэй кызматын сактап калды


Тереза Мэй
Тереза Мэй

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Консервативдик партия уюштурган ишеним маселеси боюнча добуш берүүдө кызматын сактап калды. Аны 200 депутат колдосо, 117 партиялашы колдогон жок.

Мэй Улуу Британиянын премьер-министри болуп калат. Мэйди кызматтан четтетүүнү каалагандар кеминде 158 добуш топтошу керек болчу.

Добуш берүүнү жыйынтыгы жарыяланганга чейин Мэй партиялаштарына кайрылып, 2022-жылга белгиленген шайлоодо талапкерлигин койбой турганын билдирген. Мэй депутаттарды премьерлик кызматтан албоого үндөгөн. Анын пикиринде, эгер кызматтан кетсе, “оппозициянын чырагына май таамп”, Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгуу процедуралары үзгүлтүккө учурамак.

Улуу Британия Евробиримдиктен 2019-жылдын 29-мартында чыгат. ЕБ өлкөлөрү Брекзит тууралуу келишимди 25-ноябрдагы саммитте жактырышкан. Азырынча макулдашууну британ парламенти кабыл алабы, айтуу кыйын. Добуш берүү 21-январга белгиленген.

Парламенттин көп мүчөлөрү келишимди кабыл алуудан баш тартышууда – айрымдарына андагы шарттар жакпайт, кээ бири Евробиримдиктен чыгууга каршы жана Брекзит боюнча кайра референдум өткөрүүгө чакырышууда.

Келишимди сактап калууга аракеттенип, Мэй Гаагага, Берлинге, Брюсселге барды. Бирок Евробиримдиктин лидерлери Лондон менен келишимдин шарттары кайра сүйлөшүлбөй турганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG