Ссылки доступа

Европарламент «Түндүк агым-2» долбоорун токтотууну колдоду


Иллюстрациялык сүрөт

Европарламент «Түндүк агым-2ни» «саясий долбоор» деп атап, ал токтотулушу керектигин билдирди. Тиешелүү резолюцияны 433 депутат колдоп, 105и каршы болду. Дагы 30 депутат калыс добуш беришти.

Документте Европаны энергия менен камсыз кылуу түйүнүндө негизги ролду Украина ойной турганы, ал эми «Түндүк агым-2» европалык энергетикалык коопсуздук үчүн коркунуч туудурары жазылган.

12-декабрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы «Түндүк агым-2ге» каршы санкцияларды киргизүү тууралуу резолюцияны жактырып, Европа өлкөлөрүн долбоорго катышуудан баш тартууга чакырган. Учурда АКШ Конгресси Европанын орус мунайы менен газына болгон көз карандуулугун азайтуу үчүн Орусиянын энергетикалык тармагына жана экспорттук мүмкүндүктөрүнө каршы багытталган ондогон мыйзам чыгаруу демилгелерин карап жатат. Вашингтон энергия булактарын диверсификациялоо — Европанын энергетикалык көз карандысыздыгын сактап калуунун негизи жолу деп эсептөөдө.

«Түндүк агым-2» Балтика деңизинин түбү аркылуу өтүп, Германияга чейин жеткирилиши керек. Жалпы кубаттуулугу жылына 55 млрд. куб метрди түзгөн газ түтүгүн ишке берүү 2019-жылдын аягына белгиленген. Газ куурун куруу менен Орусиянын «Газпром» мамлекеттик ишканасына таандык Nord Stream 2 AG компаниясы алектенүүдө. Мындан тышкары өнөктөш катары курулуш иштерине германиялык Uniper жана Wintershall, англо-голландиялык Royal Dutch Shell, франциялык Engie жана австриялык OMV компаниялары катышууда. «Түндүк агым-2» долбоорунун баасы 9,5 миллиард еврого бааланууда.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG