10-декабрда Бухара шаарындагы былтыр түрттүрүлгөн «Дилкушо» базарынын соодагерлери облустук прокуратура имаратынын алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар мурдагы базардын ордуна курулган соода комплексинен убадалангандай жаңы соода жайлары берилбегенин жана компенсация төлөнбөгөнүн билдиришкен.
Көзөмөл органдын расмий билдирүүсүнө ылайык, акцияга чыккан 123 ишкерди Бухара шаарынын мэри, шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы жана шаар прокурору кабыл алып, алардын талаптарын уккан.
Башкы прокуратурадагы аткаминерлердин бири «учурда бул иш көзөмөлдө» экенин жана жыйынтыктары тууралуу кошумча маалымат бериле турганын билдирди.
Өз кезегинде ишкерлер талаптары толук аткарылмайынча бардык органдарга кайрылуусун улантып, мыйзамдуу аракеттерин токтотпой тургандыктарын айтышты.