Ссылки доступа

Хорогдо аймактагы ири Исмаилит борбору ачылды


Тажикстандагы Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун административдик борборунда Ага-Хан фондунун каражатына курулган Исмаилит борбору ачылды.

Исмаилит коомчулугу көпчүлүктү түзгөн Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда мындай борбор алгачкы жолу салынды. Анын курулушуна Ага-Хан фонду 15 миллион доллар бөлгөн.

Борбор жайгашкан 1,3 гектар жерге курулган имараттарын жалпы аянты 4600 чарчы чакырымды түзөт. Алар үч бөлүктөн турат: 1500 кишиге ылайыкталган намазкана, административдик бөлүк (китепканалар, конференц-залдар, иш бөлмөлөр, класстар) жана 150 киши бата турган социалдык зал.

Борбордо иштеген ыктыярчылар анда окуучуларды математика, англис тили жана программалоого үйрөтүүгө басым жасоо пландалып жатканын билдиришүүдө.

Хорогдогу бул борбор Ага-Хан фондунун долбоору боюнча курулган Тажикстандагы Душанбеден кийинки экинчи, дүйнөдөгү жетинчи Исмаилит борбору болуп калды. Көпчүлүгү Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун аймагында жашаган Тажикстандын исмаилит коомчулугу 150 миңден ашык кишиден турат.

Видео

Видео

"Көрүнбөгөн" адамдар: паспортсуз жашоо
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:14:51 0:00
XS
SM
MD
LG