Ссылки доступа

Казакстанда мектеп тамак-ашын сындагандар соттолууда (видео)


Казакстанда мектеп ашканасындагы тамак-аштын сапатына нааразы болуп социалдык түйүндөргө билдирүү жазган мугалим менен журналисттин соту өтүүдө. Бул ашканаларды азык-түлүк менен камсыздаган ишкерлер “репутацияларын” коргоо үчүн аларга каршы арыз жазышкан.

Атырау облусунун Миялы айлынын мугалими Айгүл Муксанова мектеп ашканасындагы тамак-аштын сапатына көңүлү толбой, Фейсбукка билдирүү калтырган. Ал мектепте даярлаган сорпону ичпей койгон беш окуучунун сүрөтүн кошо жүктөгөн.

Пост жаярлангандан кийин мектеп ашканасын тамак-аш менен камсыздаган ишкер Меруерт Нурмагамбетова мугалимди сотко берип, аны ар-намыс, кадыр-барк, беделине доо кетирүүгө айыптаган. Ал Айгүл Муксановадан билдирүүнү төгүнгө чыгарууну жана моралдык компенсация иретинде 700 миң теңге (7 300 доллардын тегереги) төлөп берүүнү талап кылган.

Казакстанда активисттер мектептердин ашканаларында жана буфеттеринде сапаты төмөн, окуучулардын ден соолугуна зыян азык-түлүктөр сатыларын байма-бай айтып келишет.

12-декабрда Коомдук саламаттыкты сактоо комитети ата-энелердин арызданууларынан кийин мектеп ашканасында тыюу салына турган тамактардын тизмесин жарыялаган.

XS
SM
MD
LG