Америкалык басылмалардын маалыматына караганда, ЦРУ аналитиктери Сауд Арабиянын мураскор ханзаадасынын буйругусуз Хошоггинин өлтүрүү чечими кабыл алынмак эмес деген бүтүмгө келишкен. Буга чейин АКШ королдукка кызмат кылган 17 кишиге карата санкция киргизген. Вашингтондун пикиринде, алар Хашоггинин жок кылуу боюнча ыкчам топтун курамында болушкан.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Эр-Рияд менен тыгыз мамилелер Вашингтон үчүн экономикалык жактан алганда жана Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукту камсыздоодо, эл аралык терроризм менен күрөшүүдө маанилүү экенин билдирген.
Бейшембиде АКШ Сенаты Йемендеги согушта Сауд Арабиясына аскердик жардам көрсөтүүнү токтотуу тууралуу резолюцияны колдогон. Эки өлкөнүн биргелешкен өкмөттүк аскерлери Иран тараптан колдоо алган хусит куралдуу топторуна каршы урушууда.