Ссылки доступа

Жээнбеков транспорт министрин уяткарды (жыйнак)


ММКлар бул маалыматтарды каалагандай колдоно алышат. Каалоочуларга видеотасмалардын түп нускасын да жиберебиз. Директ топтомунан дагы керек болгон видеолорду пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

- Жээнбеков транспорт министрин уяткарды. Бүгүн, 14-декабрда Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловду иштен четтетип турууну өкмөт башчыга тапшырды. (видео)

- Айтматовдун каармандары бир үйдө. Тилек Кудайбергеновдун үй-бүлөсү үчүн жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү өзгөчө майрам. Анткени бул үйдө Айтматовдун чыгармаларынын каармандарынын атын алып жүргөн Толгонай, Алтынай, жана кичинекей Данияр жашайт. Жубайлар бул каармандардын тагдырлары оор деп убагында бул ысымдарды тандоого каршы чыккандар болгонун айтышат. 25 жыл мурда Чыңгыз Айтматов Кудайбергеновдун улуу кыздары Толгонай жана Алтынайга кол тамгасы түшүрүлгөн китебин белек кылган. (видео)

- Парламент экс-президенттин кол тийбестигин ала турган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды (Настоящее время)

- Ирандагы казактардын жашоосу. 20-кылымдын башындагы кургакчылыктан жана мурдагы СССР аймагындагы революциядан кийин казактардын тобу Иранга көчүп кетишкен. Учурда Ирандын Гулистан провинциясында 3 миң кишиден турган ошол казактардын алтынчы мууну жашап жатат. (сүрөт баян)​

- Арменияда өткөн шайлоо, Казакстанда күтүлгөн шайлоо.Арменияда бийлик сереси толук ыңкылапчыл күчтөргө өттү. Парламенттик шайлоо учурунда добуш сатып алмай, элди добушканага ташып келмей, басым жасамай жок болду деп жатышат. Мунун сыры эмнеде? Казакстанда расмий билдириле элек, бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт деген пикирлер күчөдү. (Директтен видео)

- Грузин парламентиндеги мушташ. Грузия парламентинде президенттик шайлоонун жыйынтыктары талкууланып жатканда «Патриоттор альянсынын» лидери Ирма Инашвили менен «Улуттук кыймылдын» лидери Ника Мелиянын ортосундагы айтышуу мушташка айланды (видео)

- Орусиялык аскер Армениянын Гюмри шаарынын тургунун өлтүргөн деп шектелүүдө (видео Директ)

- Казакстан. Алексей Уткин. Чектөөсүз мүмкүнчүлүккө ээ сүрөтчү (Инфогарфика)

- Советтик Венанын сүрөттөрү. (сүрөт баян)​

- Мария Бутина күнөөсүн моюнуна алды (видео Директ)

- Түркмөн сүрөтчүсү Мухамет Аман Бага: Мен Кудай менен жолуккум келет (видео)

- «Мындайларды атып салуу керек». КГБнын архивдеринде Солженицын тууралуу эмнелер айтылган? (Инфографика)

- Москвада рэпер Хаскинин концерти өттү (видео Директ)

- Өзбекстан шарап өндүрүшүн модернизациялайт. (видео)

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР! ТЕЛЕЖАҢЫЛЫК, КӨРСӨТҮҮ, САЙТ ҮЧҮН КӨЧҮРҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН, ЖЕТКИЛИКТҮҮ МИҢДЕГЕН АУДИО- ВИДЕОМАТЕРИАЛДАР МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР. АЙРЫМДАРЫНЫН ЛОГОТИБИ ЖОК.

XS
SM
MD
LG