Ссылки доступа

Өзбекстанда газы өчүрүлгөн аял акимчиликтин жыйынында өзүнө өрт койду


Ташкент облусунун Кибрай районунун тургуну бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан жыйында өзүнө өрт койду.

Күбөлөрдүн биринин айтымында, Назима Эргашева газ түтүгү негизсиз кесилгенин айтып, 14-декабрда райондук администрацияга кайрылган. Ал күнү акимдин катышуусунда эл менен жыйын өтүп жаткан. Эргашева эки айдан бери газсыз отурганына даттанган. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү карыз төлөнгөн учурда гана көгүлтүр отун берилерин айтышкан:

– Анан эле тигил аял бөтөлкөгө куя келген бензинге өрт койду. Бактыга жараша, жанында отургандар жалынды өчүрүүгө үлгүрүштү. Залдын ичи дагы күйө баштаган, бирок убагында өчүрүп калышты.

Башка бир булак – Кибрай райондук коомдук көзөмөл тобунун ага кызматкери Холмурад Раббанаев Эргашева өзүн эмес, жыйын өтүп жаткан залды өрттөөгө аракет жасаганын белгиледи:

– Ал май куюлган бөтөлкөнү күйгүзүп, трибуна тарапка ыргыткан. Ал учурда трибунанын жанында эч ким жок болчу. Бөтөлкөдө бензин эмес, солярка бар экен. Суюктук аялдын колуна таамп кетип, ал күйүк алган.

Кибрай райондук администрациясынын атын атагысы келбеген кызматкери бул маалыматты тастыктады. Анын айтымында, 29 жаштагы Назима Эргашева 1-даражадагы күйүк алган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон-козголбогону белгисиз.

XS
SM
MD
LG