Ссылки доступа

Түркмөнстанда биринчи кезекте ун менен камсыз болчу аймактар аталды


Түркмөн бийлиги Ашхабад шаарын жана Ахал менен Балкан облустарын биринчи кезекте ун менен камсыз кылууну тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматына Дашогуздагы ун чыгаруучу ишкана кызматкерлеринин бири билдирди:

"Биринчи кезекте айрым аймактарды ун менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Бул приоритеттүү аймактарга Ашхабад шаары, Ахал жана Балкан облустары кирет жана алар мыкты сапаттагы ун менен биринчи кезекте камсыз болушат. Дашогуз, Лебап жана Мары облустарына начар сапаттагы ун жеткирилет", - деди ал.

Бул арада “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы Дашогуздагы ун комбинатынын кампасын кыдырып чыккан. Түркмөнстандагы азык-түлүк каатчылыгына карабай, ал кампада ири өлчөмдө ун сакталып турганына күбө болгон. Жергиликтүү чиновниктер “Түркмөнгаллаонумлери” мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги “Ашхабаддан текшерүү келип калса, дайыма кампа толо ун болушу керек” деген буйрук бергенин айтышкан.

Жители Дашогуза собираются в огромные очереди за хлебом
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Түркмөнстанда ун сатууга чектөө киргизилген. Каттоосу бар жарандар гана мамлекеттик дүкөндөрдөн арзаныраак баада ун сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Видео

XS
SM
MD
LG