Ссылки доступа

Саломе Зурабишвили президенттик кызматына киришти (видео)


Грузияда 28-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуштардын 59,52% алуу менен жеңишке жеткен Саломе Зурабишвили ант берип кызматына киришти.

Ал 16-декабрдагы инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө Орусиянын Абхазия жана Түштүк Осетиядагы аракеттерин "баскынчылык" деп атап, абхаздар менен осетиндерди ынтымакка чакырды. Саломе Зурабишвили өлкөдөгү саясий күчтөрдү бириктирүүгө, НАТО жана Евробиримдик менен кызматташтыкты тереңдетүүгө убада берди.

Ант берүү аземи борбор шаар Тбилисиден 100 чакырым ыраактагы Телави шаарында, 18-кылымда курулган хансарайда өттү. Ага 1800дөй чет элдик жана жергиликтүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышты. Чет өлкөлүк коноктордун катарында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Франциянын мурдагы президенти Николя Саркози болду.

Жүздөгөн адамдар Саломе Зурабишвилинин инаугурациясы учурунда Телави шаарында акция өткөрүүгө аракет кылды, полиция алардын алдын тороп, өткөрбөй койду.

28-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдүн талапкери Григол Вашадзе добуштардын 40,48% ээ болгон. Оппозиция добуш берүүдө бурмалоо орун алды деп, шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес.

Көз карандысыз талапкер катары чыккан Саломе Зурабишвилини бийликтеги “Грузин кыялы” сүрөгөн. Ал Грузиянын тарыхындагы алгачкы аял президент болуп калды.

XS
SM
MD
LG