Артист жекшемби күнү 16-декабрда жерге берилди.
Исо Абдурашидов 1947-жылы туулган. Мамлекеттик театр искусствосу институтун аяктап, кинодон 20дан ашык роль жараткан. Көрүүчүлөрдүн көбүнүн эсинде «Улут драмасы» тасмасындагы Сталиндин ролу менен калып, эл арасында тажик Сталини деген атка конгон.
Исо Абдурашидов көптөгөн жылдар бою Лохути атындагы театрды жетектеп, ал кызматтан 2008-жылы кеткен.
Бир нече жыл мурда «Азаттыктын» тажик кызматына берген интервьюсунда ал театрдагы көйгөйлөр тууралуу айтып, көрүүчүлөрдүн аз экенине өкүнүчүн билдирген.