Ссылки доступа

Алматыда дагы бир нече активист кармалды


Алматыда дагы бир нече жарандык активист кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Маалыматтарга караганда, 17-декабрда укук коргоочу Ерлан Калиев, «Дат» гезитинин негиздөөчүсү жана жетекчиси Ермурат Бапи, активисттер Суиндык Алдабергенов, Геройхан Кыстаубаев жана дагы бир нече киши кармалды.

Аларды эмне себептен полиция бөлүмүнө алып кетишкени туурасында комментарий берилген жок.

Алдабергенов менен Кыстаубаев 16-декабрда да кармалгандардын арасында болгон. Бирок алар күндүн экинчи жарымында бошотулган. Полиция бөлүмүндө алардан өлкөдө тыюу салынган «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы жана анын негиздөөчүсү, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязов боюнча суроолорду сурашкан. Мухтар Аблязов 16-декабрь -- Эгемендүүлүк майрамында тарапташтарын борбордук аянтка чыгууга үндөгөн.

Ушул эле күнү – 16-декабрда Казакстандын батышындагы Орол калаасында аймактык «Уральская неделя» гезитинин эки журналисти да бир нече саатка кармалган. Аларга расмий түрдө кармоолордун себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Видео

Видео

Абдулла өтүкчүнүн өзгөчө маасылары
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:03:56 0:00
XS
SM
MD
LG