Маалыматка караганда, аталган облустагы Фориш райондук электр түйүндөр ишканасынын, Улуттук банктын райондук бөлүмүнүн жана «Ипотекабанктын» Жизактагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, электр керектөөчүлөрдөн накталай түрдө түшкөн акчаларды алардын эсебине которбой, электрондук кассаларга ойдон чыгарылган номурларды жазып жүрүшкөн.
«Тергөөнүн жүрүшүндө алар 2016-2018-жылдар аралыгында жалпысынан 143 миллион 567 миң 800 сумду кымырып алышканы аныкталды. Кармалган үч адамга карата кылмыш иши козголду», — деп жазылган билдирүүдө.