Басма сөз жыйыны «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 19-декабрда өтөт.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) көрсөтүлгөн талапкер Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан. Ошол жылдын 24-ноябрында кызматына расмий киришкен. Айрым маектерин кошпогондо президент бул аралыкта жалпыга маалымдоо каражаттарына дээрлик интервью берген жок.