Ссылки доступа

Кыргыз-казак чек арасында жаңы чек ара бекеттери ачылды


Казакстандын Жамбыл облусундагы Кордай районунда эки жаңы чек ара бекети ачылды. Бул тууралуу жергиликтүү агенттиктер өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматына шилтеме кылып жазышты.

Маалыматка караганда, №2038 аскер бөлүгүндөгү «Енбек» жана «Жасылтобе» бекеттеринде модулдук комплекстер курулуп, пайдаланууга берилди.

Анда жоокерлердин аскердик даярдык көрүүсү жана профессионалдык чеберчилигин жогорулатуусу үчүн бардык шарттар каралган.

XS
SM
MD
LG