Ссылки доступа

БУУнун Башкы Ассамблеясы Крым жөнүндөгү резолюцияны колдоду


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Украина тарабынан сунушталган “ Крым, Азов жана Кара деңиздеги аймактардын Орусия тарабынан милитаризацияланышы” жөнүндөгү резолюциясын колдоду. Документти 66 өлкө кубаттады, 19 өлкө каршы чыкты, 72 өлкө добуш берген жок.

Резолюцияда Орусия тарабынан аннексияланган Крымда орус аскерлеринин жайгашуусу Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана саясий көз карандысыздыгына доо кетирери белгиленген.

БУУнун Башкы Ассамблеясы Орусия Крымга куралдуу күчтөр системасын, анын ичинде өзөктүк учуучу аппараттары жана ракеталарды, ок-дары, курал-жарактарды, аскер персоналдарын жеткирип жатканына тынчсызданууда. Башкы Ассамблея Кара жана Азов деңиздеринин айрым аймактарында, анын ичинде Керч кысыгында орус аскерлеринин көбөйүшүнө да кабатыр. Мындан тышкары документте Керч кысыгы аркылуу көпүрө куруу жана ачуу сынга алынган.

Быйыл 25-ноябрда Кара деңиз менен Азов деңизи кесилишкен Керч кысыгында Орусия Украинанын үч кемесин, 24 деңиз аскерин күч менен кармап кетип, кийин алардын баарын эки айга камакка алган.

Окуяны Украина жана Батыш өлкөлөрү “агрессия” десе, Орусия “чагым” катары баалаган.

Орусия 2014-жылы Крымды аннексиялаган. Украина, ЕБ өлкөлөрү жана АКШ Москваны баскынчылыкка айыптаган.

XS
SM
MD
LG